ДУНГАНДАР
ДУНГАНДАР (өздөрүн чжунюань, хуэйхуэй, лаохуэйхуэй же хуэйзу деп аташат) – Кытай (20 млн), Россия (5 миң), Казакстан (40 миң), Өзбекстан (5 миң), Кырг-н (60 миңге жакын), о. эле КМШ өлкөлөрүндө жашаган калк. Дунган тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Д-дын ата-бабалары – хуэй 19-к-дын 2-жарымында Кытайдагы Цинь династиясына каршы Дунгандардын көтөрүлүшү жеңилгенден кийин Шеньси, Ганьсу, Синьцзян провинцияларынан Казакстан (Кара-Коңуз, Шор-Төбө айылдарына шеньсиликтер) ж-а Кырг-нга (Ырдык айылына ганьсулуктар, Александровка айылына синьцзяндыктар) көчүп келип отурукташкан. 1932-жылдан «Хуэймин Бо» («Дунган гезити») гезити, китептер дунган тилинде басылып, радио берүү жүргүзүлөт. КР УИАда Кыт ай дан т ышк ары жерлерде жашаган Д-дын тарыхын ж-а мад-тын ил. жактан и зи лдөө чү дунган таануу бөлүмү иштейт. Д. дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесиптени-

шип, дубалы кыштан же саман аралаш топурактан согулган үйлөрдө жашашкан. Кышкысын жылуу болсун үчүн мешке жанаша салынган секичеде (кан) укташкан ж-а тамактанышкан. Эркектер м-н аялдардын улуттук кийимдеринин үлгүсү окшош. Эркектер оң жагына топчуланган кенен көйнөк, шым, кездемеден шырылган бут кийим, аялдары саймаланып кооздолгон кийимдерди кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыктары ж-а жашылчажемиштер, а. и. крахмалдуу кесме, күрүчтөн даярдалган ботко, ачуу татымалдар кеңири пайдаланылат. Күрүчтү ж-а нанды тузсуз даярдашып, тамакты таякчалар м-н жешет. 1994-ж. Кырг-нда Д. ассоциациясы (президенти Есен Исмаилов) түзүлгөн. Учурда дунган улутунун
өкүлдөрү Кырг-ндын ар кайсы тармактарында
эмгектенүүдө. Кырг-ндын ад-тынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн дунган акыны, котормочу Ясыр Шивазага Кыргыз ССР эл акыны (1974) деген наам ыйгарылган.
Ад.: Сушанло М. Дунгане (историко-этнографический очерк). Ф., 1971. Ч. Жумагулов.