ДУНГАН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН ТИЛИ – дунган элинин тили. Син­тибет тилдеринин тобуна кирет. Кээ бир окумуш­туулар дунган тилин кытай тили же анын диа­лекти деп эсептеп жүрүшөт. Д. т. өзүнчө тил эке­нин окумуштуулар (Е. Д. Поливанов ж. б.) фак­тылардын негизинде далилдеген. Д. т-нде Кы­тайда, Өзбекстанда, Казакстанда ж-а Кырг-нда жашаган дунгандар сүйлөйт. О. Азияда жаша­ган дунгандардын тили ганьсу ж-а шеньси де­ген эки диалектиден турат. Ганьсу диалектине ягэ, шеньси диалектине дунмый айтымы (гово­ру) кирет. Дунган адабий тили ганьсу диалек­тинин негизинде түзүлгөн. Д. т-нин сөздүк кура­мында араб-иран, уйгур, кыргыз, татар, казак, өзбек ж-а орус тилдеринен кирген сөздөр кезде­шет. Д. т-нин жазуусу 1928-ж. чейин араб, 1928– 53-ж. латын графикасында болгон. 1953-жыл­дан орус графикасында.