ДУҢКАНА
ДУҢКАНА Кочуке уулу (1886, Нарын облусу, Нарын району, Эчки-Башы айылы – 1981, ошол эле жер) – семетейчи. 1930-жылдарда айылдык кеңештин төрагасы, кийинчерээк чабан болуп иштеген. Дуңкана «Манас», «Семетей» эпосун Тыныбек, Касымбай манасчылардын айтуусунда көп уккан. «Манас» айтуунун чеберчилигин манасчы Чоюке, Дыйканбайдан үйрөнгөн. Замандаштары С. Каралаев, М. Чокморовдон таасир алган. «Манас» эпосуна караганда «Семетейди» жакшы өздөштүрүп, эл арасында көбүрөөк айткан. Башка манасчылардай эле Дуңкана өзүнүн «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштырат. Дуңкананын вариантынын сюжети көл айланасындагы манасчылардын (С. Каралаев, М. Чокморов) варианттарына жакын, ошондой эле айрым мотивдери, сүрөттөөлөрү Теңир-Тоо аймагынан чыккан манасчылардыкына окшош. Ал эпостун «Семетей» бөлүгүн толук, ал эми биринчи бөлүгүнөн «Манастын бала чагы», «Чоң казат», «Көкөтөйдүн ашы» сыяктуу салттык туруктуу эпизоддорду айткан. Дуңкана айткан «Семетейдин» варианты көлөмү жагынан чакан, оригиналдуу ж-а көркөмдүк өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Манасчы негизинен сюжет кууп айткандыктан, белгилүү варианттарга салыштырганда ички көркөмдүк каражаттар сейрегирээк. Анын вариантын 1965–67-жылдарда илимпоздор С. Бегалиев, Р. Сарыпбеков кагазга түшүрүшкөн, азыр ал КР УИАнын кол жазмалар фондусунда сакталып турат.