ДУҢКАНА
ДУҢКАНА Кочуке уулу (1886, Нарын обл., Нарын р-ну, Эчки-Башы айылы – 1981, ошол эле жер) – семетейчи. 1930-жылдарда айылдык кеңештин төрагасы, кийинчерээк чабан болуп иштеген. Д. «Манас», «Семетей» эпосун Тыныбек, Касымбай манасчылардын айтуусунда көп уккан. «Манас» айтуунун чеберчилигин манасчы Чоюке, Дыйканбайдан үйрөнгөн. Замандаштары С. Каралаев, М. Чокморовдон таасир алган. «Манас» эпосуна караганда «Семетейди» жакшы өздөштүрүп, эл арасында көбүрөөк айткан. Башка манасчылардай эле Д. өзүнүн «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштырат. Д-нын вариантынын сюжети көл айланасындагы манасчылардын (С. Каралаев, М. Чокморов) варианттарына жакын, о. эле айрым мотивдери, сүрөттөөлөрү Теңиртоо аймагынан чыккан манасчылардыкына окшош. Ал эпостун «Семетей» бөлүгүн толук, ал эми биринчи бөлүгүнөн «Манастын бала чагы», «Чоң казат», «Көкөтөйдүн ашы» сыяктуу салттык туруктуу эпизоддорду айткан. Д. айткан «Семетейдин» варианты көлөмү жагынан чакан, оригиналдуу ж-а көркөмдүк өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Манасчы негизинен сюжет кууп айткандыктан, белгилүү варианттарга салыштырганда ички көркөмдүк каражаттар сейрегирээк. Анын вариантын 1965–67-ж. илимпоздор С. Бегалиев, Р. Сарыпбеков кагазга түшүрүшкөн, азыр ал КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.