ДУПЛЕКС-ПРОЦЕСС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУ́ПЛЕКС-ПРОЦЕ́СС м е т а л л у р г и я д а – удаалаш эки агрегатта болот эритүү процесси. Дуплекс-процесс биринчи жолу 19-кылымдын экинчи жарымын­да колдонула баштап, ар кандай агрегаттардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзгөн. Мисалы, Дуплекс-процесс электр мешинин өндү­рүмдүүлүгүн жогорулатат (башкача айтканда сапаттуу болот өндүрүүнү көбөйтөт), ошондой эле электр кубатынын жумшалышын салыштырмалуу азайтат. Бул электр мешинен эриген шихтаны алып чыгуу ж-а металлдын бир бөлүгүн чакмактоо аркы­луу жетишилет.