ДУПЛЕКС-ПРОЦЕСС
ДУ́ПЛЕКС-ПРОЦЕ́СС м е т а л л у р г и я д а – удаалаш эки агрегатта болот эритүү процесси. Д. п. биринчи жолу 19-к-дын экинчи жарымында колдонула баштап, ар кандай агрегаттардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзгөн. Мис., Д.-п. электр мешинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат (б. а. сапаттуу болот өндүрүүнү көбөйтөт), о. эле электр кубатынын жумшалышын салыштырмалуу азайтат. Бул электр мешинен эриген шихтаны алып чыгуу ж-а металлдын бир бөлүгүн чакмактоо аркылуу жетишилет.