ДҮЙНӨЛҮК СИСТЕМА
ДҮЙНӨЛҮК СИСТЕ́МА – Жер, Күн, Ай, планеталар, жылдыздар ж. б. асман телолорунун мейкиндикте жайгашышы ж-а кыймылы жөнүндөгү түшүнүк. Байыркы убакта эле Жердин Ааламдагы орду жөнүндө түшүнүк пайда болгон. Анда Жер жалпак, анын астында дүйнө бар, үстүндө болсо асман көмкөрүлүп турат деп эсептелген. Байкоолордун маалыматтары көбөйгөн сайын жылдыздуу асман толук сферадай, ал эми Жер шар сымал деген түшүнүк келип чыккан. Андан кийин дүйнөнүн геоборбордук, анан гелиоборбордук системалары түзүлгөн.