ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:43, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ (кар­тинасы) – дүйнө жөнүндөгү илимий изилдөөлөрдүн неги­зинде түзүлгөн, ырасталган туташ элеси; жара­тылыштын жалпы касиеттери ж-а алардын өнү­гүп-өсүү закон ченемдүүлүктөрү туурасында та­бият таануунун негизги илимий түшүнүктөрүн, прин­циптерин жалпылоо ж-а синтездөөдөн алынган системасынын сүрөттөмөсү же илимий мүнөздөмөсү. 16–17-кылымдарда табият таануунун илимий-теориялык бөлүгү ке­ңири кулач жайып, ары тереңдеп өнүккөн доор­дон тартып, дүнүйө сыпаттамасынын атайын илимий түшүнүгү ж-а илимий термини калыптана баштайт. 20-кылымдын илимий табият таануусунда дүйнөнүн физикалык сыпаттамасы да мына ошондой көч башында­гы орунда турса, 21-кылымдын башында Дүйнөнүн илимий сыпаттамасынын бет ачар өңүтүн маалыматтык сыпаттама ээле­ди. Дүйнөнүн илимий сыпаттамасы илимге чейинки же илимий эмес (мисалы, динчил) сыпаттан айырмасы – ал белгилүү бир фундаменталдык илимий теорияга (же теориялар­га) негизделет. Мисалы, 17–19-кылымдардагы окумуштуу­лар дүйнөнүн физикалык сыпаттамасын классикалык механика теориясынын базасында түзүшкөн. Азыркы учурдагы Дүйнөнүн илимий сыпаттамасынын өзөгүн кванттык механика, салыштырмалуулук (атайын ж-а жалпы) теориялары түзөт.