ДҮЙШЕЕВ Эсенбек
ДҮЙШЕЕВ Эсенбек (22. 6. 1941-ж. т., Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Ынтымак айылы) – парт. ж-а мамл. ишмер. КАЧИни (1963), Алма-Ата жогорку парт. мектебин (1984) бүтүргөн. 1963–

66-ж. Бакай-Ата р-нундагы Калинин атн. к-здо механик, башкы инженер, 1966–75-ж. Совет, Өзгөн, Талас р-ндук «Кыргызайылчарба техника» бирикмесинде башкармалыктын башчысы, 1975– 79-ж. Кыргыз ССР а. ч. министрлигинде механика ж-а электрлештирүү б-ча башкы башкармалыгынын башчысы, 1979–80-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Иш башкармалыгында а. ч., суу чарба курулуш б-ча бөлүм башчы, 1980–85-ж. партиянын Ысык- Көл р-ндук к-тинин, 1985–88-ж. партиянын Талас обкомунун 1-секретары, 1988–90-ж. Кыргыз ССРинин министри, Мамл. агрардык ө. ж. к-тинин төрагасынын 1-орун басары, 1990–91-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, Мамл. агрардык ө. ж. к-тинин төрагасы, 1991–92-ж. КРдин мамл. катчы-
сы, 1992–97-ж. Чет элдик жардамдар б-ча
өкмөттүк комиссиянын төрагасы, 1997–2004-ж. вице-президент, «Кыргызайылтехсервиз» акционердик компаниясынын деректирлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1985–90). Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.