ДҮЛӨЙ ЧАЛКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЛӨЙ ЧАЛКАН (Zamium) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Бир жылдыктарынын тамыры ичке. Сабагы тамырынан чачырап өсөт, сейрек түк м-н капталган. Көп жылдыктарынын та­мыр сабагы сойлоп өсөт. Жалбырагы тегерек, жүрөк сымал же бөйрөк сымал, чети терең ке­силген. Түктүү, төмөнкүлөрү узун саптуу, жо­горкулары сабаксыз. Гүлдөрү сабакты айлана топтошуп жайгашкан, кызгылт ж-а ак түстө. Мөмөсү жумуртка сымал, үч кырдуу, жиктүү, жаңгакча. Кээси бакчаларда, айрымдары бадал­дардын, токойлордун арасында, капчыгайлар­да, таштын коңулдарында өсөт. Орто Азияда, Алтайда, Жуңгар Ала-Тоосунда таралган, КМШ өлкөлөрүндө 15тей түрү, Кыргызстанда 2 түрү кез­дешет.

М. М. Ботбаева.