ДҮЛӨЙЛҮК
ДҮЛӨЙЛҮК – кулактын укпай калышы же өтө начар угушу. Мында катуу үндү (ышкырык ж. б.) же кулактын түбүнө кыйкырып сүйлөгөн тааныш сөздөрдү гана жакшы угат. Дүлөйлүктө эки кулагы тең же бир жагы укпай калат. Бир кулагы укпагандар көбүрөөк кездешет. Эки кулагы тең укпагандар атайын сурдологиялык жардамга муктаж болушат. Анын тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түрү тукум куума болушу ыктымал, кош бойлуулардын ар түрдүү жугуштуу оорулар м-н оорушу же алкоголь ичимдиктерин ичкенде, баланын кызылча, грипп, паротит м-н оорушу, ошондой эле резус-фактор шайкеш келбегендиктен да келип чыгышы мүмкүн. Кийин пайда болгон Дүлөйлүккө кээ бир жугуштуу ж. б. оорулар же кулактын кырсыкка чалдыгышы алып келет. Ошондой эле кесип зыяндуулугу (ызы-чуу, дирилдөө), металл буулары (мисалы, коргошун, сымап, мышьяк) м-н уулануу да себеп болот. Бала сүйлөй баштаганда (3 жашка чейинки) кулагынын укпай калышы дудук-дүлөйлүккө алып келиши мүмкүн. Дүлөйлүк капысынан же бара-бара пайда болушу ыктымал. Капысынан болгон Дүлөйлүккө мээге кан куюлуу же ички кулакты кан м-н жабдуучу кан тамырлардын бүтөлүп калышы, артерия басымынын кескин өзгөрүшү, баштын кырсыкка чалдыгышы, өтө уулануу себеп болот. Дүлөйлүк отосклероздо, мээ кан тамырынын атеросклерозунда ж-а кесип зыяндуулугунун натыйжасында бара-бара пайда болот. Анын эң алгачкы белгиси – кулак чуулдоо. Угуунун төмөндөшү өтө жай жүргөндүктөн, укпай калганда гана сезилет. Ошондуктан Дүлөйлүктү пайда кылуучу ооруну өз убагында дарылоо зарыл. Алдын алууда балдардын угуусун текшерип туруунун мааниси чоң. Дарылоодо ар кандай хирургиялык операция колдонулат.
Ж. С. Сулайманов.