ДҮҢ БАА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮҢ БАА – товарларды ири партия м-н ишка­наларга‚ фирмаларга‚ сатуучу ж-а ортомчу уюм­дарга‚ дүң соода ж-а сатуучу компанияларга са­туудагы баанын бир түрү. Дүң баа боюнча продукция­ларды ж-а кызмат көрсөтүүлөрдү ишканалар өз ара ж-а жабдуу-сатуу органдары аркылуу са­тышат. Өнөр жай Дүң баасы ишкананын Дүң баасынан тышкары өзүнө жабдуу-сатуунун кошумчалан­ган баасын‚ керектөө товарлары боюнча бюджет­ке алынуучу жүгүртүү салыгын да камтыйт. Чет өлкөлүк тажрыйбада Дүң баа товар даярдоочулар м-н дүң соода фирмаларынын ортосунда‚ ошондой эле дүң ж-а чекене соодагерлердин ортосундагы жүгүртүүдө пайдаланылат. Эл аралык соодада адатта ички Дүң баанын деңгээлинен төмөнүрөөк деңгээлдеги экспорттук (импорттук) Дүң баа боюнча ишке ашырылуучу дүң операциялар үстөмдүк кылат.