ДҮР
ДҮР Сооронбай уулу (туулган жылы белгисиз –1918) – Токмок уездиндеги болуш, тынай элинен чыккан алгачкы агартуучулардын бири. Сооронбай манаптын үчүнчү уулу. Верныйдагы

аскердик гимназияда М. В. Фрунзе м-н бирге окуп, аны күмүш медаль м-н бүтүрүп, кийин атасынын ордуна Токмок уездинде болуш болгон. Эл таламын жүзөгө ашыруу үчүн Сайлык кыштагына жаңы типтеги мектеп ачтырып, кыргыз балдарын окууга тарткан. Анда дин сабактарынан тышкары, арифметика, тарых, география, орус тил сабактары окутулуп, 1889–90-окуу жылында 60 окуучу кабыл алынган. Бул мектептин түбүнө таш, бышкан кыш төшөлүп, жыгач м-н курулуп, үстү тунукеленген имараты, кезегинде ошол жердеги кооз жайлардын бирине айланган. Дүр мектебинде балдар үчүн интернат да болгон. Кийинчерээк, ал орус тилинде билим берген мектеп катары аты чыккан. 1916-жылдагы көтөрүлүштө (к. Үркүн) өзүнө караган 400 түтүн элди Кытайга качырбай, жазалоодон куткарып калган. 1918-жылы ак гвардиячы орустар тарабынан атылган. Ысмы Чүй районунун Сайлык кыштагындагы орто мектепке ыйгарылган.