ДҮРБҮ
ДҮРБҮ , т у р н а б а й – алысты жакындатып көрсөтүүчү оптикалык прибор. 1609-жылы 20 эсе жакындатуучу Дүрбүнү Г. Галилей биринчи кураштырган ж-а астрономиялык изилдөөдө колдонгон. Галилейдин Дүрбүсүнөн сапаттуу Дүрбүнү И. Кеплер сунуш кылган (1611). Ал оптикалык октору жарыш

болгондой бириктирилген эки көрүү түтүгүнөн турат. Жөнөкөй Дүрбү объектив ж-а окулярдан куралган. Анын негизги касиети – жакындатып, чоңойтуп ж-а ажыратып көрсөтүү. Ал Галилей Дүрбүсү, призмалуу Дүрбү, түнкү көрүү Дүрбүсү болуп бөлүнөт. Галилей Дүрбүсүнүн фокус аралыгы оң, окулярыныкы терс болуп, нерселердин туура сүрөттөлүшүн берет. Кеплердин Дүрбүсү кеңири колдонулат. Азыркы Дүрбүлөр алыстагы нерсени 2–22 эсе жакындата алат. Аскер ишинде согуш талаасын байкоо, бутал арды чалгындоо, жөнөкөй бурчтук ченөөлөрдү жүргүзүү ж-а аралыкты аныктоо үчүн колдонулат.