ДҮҮЛҮГҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:21, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮҮЛҮГҮҮ – молекуланын же атомдун негиз­ги абалдан энергиясы көбүрөөк абалга (башка энергия деңгээлине) өтүшү. Дүүлүгүү бөлүкчөлөрдүн кагылышуусунан же бөлүкчөлөрдүн электр-маг­нит нурлануу кванттарынын таасиринен пайда болот. Бөлүкчөлөрдүн негизги абалдан дүүлүк­көн абалга өтүшү тийиштүү энергия саны м-н мүнөздөлөт. Бөлүкчөнүн дүүлүккөн абалдагы мезгили бөлүкчөнүн энергия деңгээлинде жашоо убакыты деп аталат. Бөлүкчөлөр Дүүлүгүү абалында химиялык активдүүлүккө ээ.