ДҮҮЛҮГҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮҮЛҮГҮҮ – молекуланын же атомдун негиз­ги абалдан энергиясы көбүрөөк абалга (башка энергия деңгээлине) өтүшү. Д. бөлүкчөлөрдүн кагылышуусунан же бөлүкчөлөрдүн электр-маг­нит нурлануу кванттарынын таасиринен пайда болот. Бөлүкчөлөрдүн негизги абалдан дүүлүк­көн абалга өтүшү тийиштүү энергия саны м-н мүнөздөлөт. Бөлүкчөнүн дүүлүккөн абалдагы мезгили бөлүкчөнүн энергия деңгээлинде жашоо убакыты деп аталат. Бөлүкчөлөр Д. абалында хим. активдүүлүккө ээ.