ДХЬЯНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДХЬЯ́НА (санскр. – ой, ой жүгүртүү) – инди фи­лософиясында аңдап түшүнүү, медитация (сүкүт тартуу) аркылуу боштондукка чыгуу жолунда­гы цикл катары көрүнүш. Акыл-эстин (читта) тазаланып, сергишине алып келүүчү йоганын ыкмасынын сегиз каражатынын жыйындысы. Дхьяна сезимдин (нратьяхара) мокогон ж-а көңүл чордонунун топтоштурулган абалынан кийин келип, ой-пикирдин объектиге токтоо, сабыр­дуу ж-а үзгүлтүксүз чогултулушу м-н байланыш­туу. Дхьяна айрым учурда будда йогасы деп аталат.