ДЫЙКАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЫЙКАНДАР – алгачкы коомдун бузула баш­таган мезгилинде пайда болгон өз алдынча тап. Өндүргүч күчтөрдүн улам жаңы баскычка өнүгүүсүнүн натыйжасында уруулук жамааттар­дын ичинен эң биринчилерден болуп Дыйкандар бөлүнүп чыккан. Коомдун алдыга өнүгүүсү м-н бара-бара жикке бөлүнүү башталып, жеке менчиктин ка­лыптанышына байланыштуу Дыйкандардын арасынан улам байлардын келип чыгышы мыйзам че­немдүү көрүнүш болуп эсептелет. Жеке менчик­тин калыптануусуна чоң салым кошкон. Салыш­тырмалуу түрдө дүйнө жүзүндөгү калктын те­ңинен көбүн түзөт. Кайсыл коомдо болбосун Дыйкандардан салык алып турууга ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы калыптанган. Эл чарбасына керектүү тамак-аш ж. б. азыктарды өндүрүп чы­гаруудагы негизги күч. Айыл чарбасы өнүккөн кээ бир өлкөлөрдө алдыңкы күчтөрдүн бири болуп, дүң продукциянын көбү Дыйкандар тарабынан өндүрүлөт.