ДЫЙКАНЧЫЛЫК
ДЫЙКАНЧЫЛЫК – 1) айыл чарба тармагы; азык-түлүк, техникалык, тоют өсүмдүктөрүн ж. б. өстүрүү. Дыйканчылык өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн базасы болуу м-н бирге калкты азык-түлүк, малды тоют, өнөр жайды сырьё м-н камсыз кылат. Дыйканчылык жерди иштетүү, жер семирткичтерди берүү, өсүмдүктөрдү которуштуруп эгүү, өсүмдүктөрдү коргоо, талааны мелиорациялоо ж-а топуракты коргоо системаларын камтыйт. Дыйканчылыктын эки формасы бар: экстенсивдүү ж-а ургаалдуу. Экстенсивдүү Дыйканчылыкта өндүрүш жер аянтын кеңейтүү (көбөйтүү) жолу м-н өнүктүрүлсө, ургаалдуу Дыйканчылыкта ошол эле аянтка кошумча эмгек ж-а каражат (механикалаштыруу, сорт жаңыртуу, мелиорация, минералдык жер семирткич чачуу, агротехникалык ыкманы жакшыртуу ж. б.) жумшоо жолу м-н өнүктүрүлөт. Техника өнүккөн шартта Дыйканчылыкты ургаалдаштыруу ар гектар аянттан эмгек ж-а каражатты аз жумшап, көп продукция алууну камсыз кылат. Дыйканчылык системасынын ар түрдүүчө калыптанышы коомдун өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө жараша болот. Дыйканчылык таш доорунда (неолитте) пайда болуп, жер айдоо, жумшартуу иштери жыгач же учуна таш бекитилген жыгач куралдар м-н жүргүзүлгөн. Дыйканчылыкта жер айдоо соко чыккандан кийин пайда болуп, күч-унаа (ат, өгүз) көп пайдаланылган. Дыйканчылыктын бул түрү кул ээлөөчүлүк ж-а феодалдык коомдо Азия, Европа ж-а Түндүк Африкага таралган. 20-кылымдын башында Дыйканчылыкта трактор, чиркеме, асма айыл чарба шаймандары ж-а машиналар колдонула баштаган. Дыйканчылыкты механикалаштыруу Кыргызстанда 20-кылымдын отузунчу жылдарында машина-трактор станциялары (МТС) уюшула баштагандан баштап тез өнүккөн. Эгерде, 1930-жылы өлкөбүздө 154 трактор болсо, 1950-жылы 5 214 трактор, 1200 дан жыйноочу комбайн; 1989-жылы 31000 трактор, 5100 дан жыйноочу машина; 21 000 жүк ташуучу автомобиль болгон. Дыйканчылык жүргүзүүдө негизги максат айдоо жерлердин топурагынын күрдүүлүгүн сактоо, арыктатпоо болушу зарыл. Ошондо гана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жылдан жылга жогорулайт. 2) Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн жалпы ыкмаларын ж-а жерди пайдалануунун алдыңкы жолдорун (дайыма жогорку түшүм алуу үчүн) иштеп чыгуучу илим. Илим катары Дыйканчылык өсүмдүктүн нормалдуу өсүшү үчүн топурактын суу, аба, жылуулук ж. б. режимин (жерди туура айдоо, жумшартуу, өсүмдүктү туура эгүү жолу м-н) жөнгө салууну, илимий жактан негизделген Дыйканчылык системасын ж-а туура которуштуруп эгүүнү, ошондой эле топурак күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин, терс факторлордун (кургакчылык, керимсел, топурак эрозиясы, отоо чөп ж. б.) таасирин жок кылуу же азайтууну иштеп чыгат. Азыркы Дыйканчылык илими жалпы (айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн жалпы ыкмаларын изилдөөчү) ж-а жеке (айрым өсүмдүк түрүн же сортун өстүрүү ыкмаларын иштеп чыгуучу) болуп бөлүнөт. Дыйканчылык башка табигый илимдер – биология, топурак таануу, агрохимия, агрофизика, селекция ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. 1920-жылдардын ортосунан Кыргызстанда алгачкы таяныч пункт ж-а станциялар уюшулуп, Дыйканчылык боюнча илимий иштер жүргүзүлө баштаган. Алгачкы тажрыйба аянты 1925-жылы Ош шаарына жакын жерде (1946-жылдан пахтачылык-беде тажрыйба станциясы, 1960-жылдан Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясы), Пржевальск (азыркы Каракол) шаарынын жанында уюшулган. 1926-жылы Чүй өрөөнүндө облустук комплекстүү айыл чарба тажрыйба станциясы, 1927-жылы өсүмдүк коргоо станциясы, Кыргыз мамлекеттик селекция станциясы иштей баштаган. 1928-жылы край таануу институту ачылган. 1929-жылы Бүткүл союздук кант өнөр жай ИИИнин Кант таяныч пункту (1948-жылдан Кыргызстан кант кызылчасы тажрыйба селекция станциясы), 1932-жылы Чүй өрөөнүндө булалуу өсүмдүктөр тажрыйба станциясы, Ысык-Көл өрөөнүндө дары-дармек өсүмдүк тажрыйба станциясы, 1936-жылы Бүткүл союздук тамеки ж-а махорка илим-изилдөө институтунун зоналык тажрыйба станциясы, 1937-жылы Кыргызстан жашылча-жемиш тажрыйба станциясы уюшулган. Түрдүү топурак-климаттык зоналарда жайгашкан бул станциялар м-н таяныч пункттардагы алгачкы илимий иштер Кыргызстанда Дыйканчылык илиминин калыптанышына өз таасирин тийгизген. Азыркы кезде Кыргызстанда Дыйканчылык боюнча илимий иштерди К. И. Скрябин атындагы КАУ, Кыргызстан дыйканчылык ИИИ жүргүзөт.
Ад.: Воробьев С. А. и др. Земледелие. 3-е изд. М., 1977; Воробьев С. А. Севообороты интенсивного земледелия. М., 1979; Растениеводство. 4-е изд. М., 1979; Гаврилов А. М. Введение в агрономию. М., 1980; Карабаев Н. А. Кыргызстандагы дыйканчылыктын негиздери. Б., 1993; Карабаев Н. А. Фермердик чарбада дыйканчылыкты жүргүзүүнүн жолдору. Б., 1993.
Н. А. Карабаев.