ДЬЯКОНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:28, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЬЯ́КОНОВ Евгений Евгеньевич (1941-жылы туулган, РФ, Горький облусу, Ветлуга шаары) – айыл чарба илимдеринин док­тору (1999), профессор (2001). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1964), Кыргызстан мал чарба ИИИнин ас­пирантурасын бүтүргөн. Ат-Башы асыл тукум куш өстүрүү чарбасында зоотехник, Кыргыз ССР айыл чарба министрлигинде зоотехник, Кыргызстан мал чарба ИИИде илимий кызматкер, республикалык селекция асыл тукум куш өстүрүү чарбасында директор, 1976-жылдан Кыргызстан мал чарба ИИИде бөлүм башчы. Үй куштарын өстүрүү, көбөйтүү, генети­касы боюнча адис. Ал 100дөй илимий эмгектин, анын ичинде 7 монографиянын, 1 ойлоп табуунун автору. Тооктун кыргыз породасын чыгарган.

Эмг.: Домашнее птицеводство. Ф., 1986; Создание киргизской породы кур (в соавторстве). Ф., 1986.