ДЮЛОНГ–ПТИ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮЛО́НГ–ПТИ ЗАКОНУ – катуу заттардын туруктуу көлөмдө ж-а Т≥300К температурада жы­луулук сыйымдуулугу 6 кал/(моль.К) же 25 Дж /(моль.К) экендиги жөнүндөгү тажрыйбадан алынган эреже. Законду 1819-жылы франциялык физиктер П. Дюлонг ж-а А. Пти ачкан. Дюлонг–Пти закону химиялык элементтер м-н жөнөкөй кошулмалар үчүн бөлмө температурасында аткарылат. Төмөнкү температурада ка­туу заттардын жылуулук сыйымдуулугу температу­рага көз каранды, к. Жылуулук сыйымдуулук, Катуу нерселер.