ДЮМОН-ДЮРВИЛЬ
ДЮМО́Н-ДЮРВИ́ЛЬ Жюль Себастьен Сезар (23. 5. 1790, Конде – 8. 5. 1842, Версаль) – франциялык деңиз сүзүүчү ж-а океанограф. Эки жолу дүйнөнү айланып сүзүп чыккан. Ал Тынч океандын түштүк бөлүгүн (1826–29) ж-а Антарктиданы (1837–40) изилдеп, бул аймактын деңиз картасын түп тамырынан бери өзгөрткөн. 1820-жылы Эгей деңизиндеги Милос аралында сакталган Грекияга тиешелүү скульптураны алууга көмөктөшкөн. Микронезиядан, Полинезиядан, Малайзиядан Францияга 1600гө жакын өсүмдүк, 900дөй тоо тек үлгүсүн алып келген. Ал жыйнаган маалыматтары европалыктардын Океания ж-а Түштүк-Чыгыш Азия элдери жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңейткен.