ДЮССЕЛЬДОРФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮССЕЛЬДО́РФ – Германиядагы шаар (1288- жылдан). Түндүк Рейн-Вестфалия жеринин (административдик- аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 629 миң (2023). Рейн дарыясына Дюссель дарыясы куйган жерде жай­гашкан порт. Эл аралык аэропорту бар. Рур көмүр бассейнинин экономикалык-финансы борбору. Кара металлургия, оор машина куруу, химия, айнек, кагаз, тигүү, полиграфия, тамак-аш өнөр жай ишкана­лары иштейт. Университет, сүрөт академиясы ж-а сүрөт, Кунстхалле, Түндүк Рейн-Вестфалия жери ж. б. музейлер бар. Алгач 12-кылымдан эскерилет. Готи­ка стилиндеги сепил-сарай (13-кылым), Санкт-Лам­бертускирхе чиркөөсү (13–14-кылымдар), ренессанс сти­линдеги ратуша (16-кылым), барокко стилинде са­лынган көптөгөн чиркөө (17–18-кылымдар) сакталган. Дюссельдорфто акын Г. Гейне туулган.