ВАН ГОГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Винсент Виллем (30. 3. 1853, Түн. Брабант, Грот-Зюндерт – 29. 7. 1890, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз) – голланд живописчиси. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада ж-а чиркөөдө кызмат кылган. 1881–85-ж. Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. 19-к-дагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психол. образдарды түзгөн. 1886–88-ж. Парижге келип, импрессионисттик живопись м-н япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде

В. Ван Гог. «Картошка жеп жаткандар». 1885. Ван Гог музейи (Амстердам). «Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880-жылдар В. Г-дун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамл. көркөм сүрөт музейи) ж. б. көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыг-лыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. В. Г. чыг-лыгынан европа мад-тынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур ж-а 19-к-дагы реализм м-н бурж. гуманизмдин кризиси даана байкалат.