БИШКЕК 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:30, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК 1 – сабаадагы бээнин сүтүн бышуу үчүн жасалган курал. Сабанын чоӊдугуна жараша (узундугу 1,5–2 м) жумуру жыгачтын учуна (узундугу 12–15 см, туурасы 8–10 см, калыӊдыгы 5–7 см) жалпак жыгачтын ичин (2–4 см) чуӊкурайта оюп, анын так ортосуна сап учу ашталат. Көрөӊгө кымызга бээнин жаӊы саалган сүтүн куюп, бишкек менен көпкө бышылат. Кымыз канчалык көп бышылса, ал ошончолук жагымдуу болуп, күчтүү ачыйт. Бишкек көбүнчө арчадан, айрым учурда четин, кайыӊ, талдан жасалат.