ДИКЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИКЕК – ичи ичтелип, сырты кооздолуп жа­салган жылуу ат жабуу. Өрмөкчүлүк («терме», «беш кеште», «кажары») ыкмасы менен көркөм­дөлүп согулган таардын ич жагына кийиз ичте­лип, саймаланат жана чети түймө менен чачыкталат. Анын жиби ичке ийрилет да, көбүнчө «бычак учу», «тумарча», «жарым ийрек» өңдүү көчөттөр түшүрүлөт. Кээ бир аймактарда «шырдак» тер­дик жабылат.