ДИОГЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИОГЕ́Н Синоптук (биздин заманга чейинки 400–325-жылдар чен) – байыркы грек философу. Дүйнө баам окуусунун киниктер мектебин негиздеген Анти­сфендин шакирти. Ал маданиятты жерип, адамзат­ты алгачкы жамааттык жапайы абалга кайтуу­га чакырган, анткени маданиятты адам үстүнөн жа­салган зордук катары карап, аял менен баланы жалпы деп эсептеген. Ашкере чектен чыккан, (келесоо чалыштыкка жеткен) аскетизмди да­ңазалаган. Цивилизацияны, айрыкча мамлекет­тин зарылдыгын четке каккан. Ата мекенди танган, өзүн дүйнө жараны – космополит деп атаган. Кудайды, динди четке каккан. Жалаң жаратылыш мыйзамын туурап жашоого үндө­гөн. Уламыш боюнча чоң челекте (пифосто) жа­шаган.