ДИПЛОМАТИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 8 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИПЛОМА́ТИЯ – мамлекеттердин тышкы сая­сатын жүзөгө ашыруу боюнча расмий ишмердиги. Ошондой эле чет өлкөлөрдө мамлекеттин кызыкчы­лыктарын коргоо боюнча мамлекет башчылары­нын, өкмөттөрдүн жана атайын тышкы карым­-катнаш органдарынын расмий иш-аракеттери. «Дипломатия» термини Байыркы Грекияда чет өлкөлөр­гө жиберилүүчү атайын адамдардын өкүлдүгүн көрсөтө турган ишеним грамотасы – «диплома» деген бүктөлмө тактайдын атынан чыккан. Дипломатиялык иштерди атайын элчиликтер, миссиялар же ишенимдүү убактылуу өкүл жүргүзөт. Дипломатиянын негизги максаты – эл аралык аренада мамле­кеттин түпкү таламдарын коргоо.