ДОДЕКАЭДР
ДОДЕКА́ЭДР (гр. dodeka – он эки, htdra – грань) – туура көп грандыктардын беш түрүнүн бири. Додекаэдрдин 12 граны, 30 кыры ж-а 20 чокусу бар. Грандары туура беш бурчтук түрүндө болот

ж-а ар бир чокудан 3 кыр чыгат. Туура Додекаэдрдин бетинин аянты S=3a2 25 + 10 5 ≈20,6457a2 (же S=15a2tg54°), ал эми көлөмү: V=1/ a3(15+7 5 ), мында a – Додекаэдрдин кырынын узундугу. Додекаэдрди биринчи жолу байыркы грек математиги Теэтет (б. з. ч. 4-кылым) түзгөн.