ДИМЕТИЛАМИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:51, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИМЕТИЛАМИ́Н (СН3)2NH – экинчилик али­фаттык амин, түссүз, жагымсыз кескин жыт­туу газ. Эрүү t – 92,2°С; кайноо t – 6,9°С, сууда, органикалык эриткичтерде эрийт, кислоталар м-н крис­таллдык туздарды пайда кылат. Өнөр жайда метил спиртинен ж-а аммиактан, ошондой эле формальдегид ж-а хлордуу аммонийден алынат. Диметиламин дары-дар­мектерди, ракета отунунун компоненттерин (ди­метилгидразин), вулканизацияны ылдамдат­кычтарды алууда ж. б. максаттарга колдону­лат. Белок заттарынын чирүүсүнөн пайда болот.