ДИМОРФИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:55, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИМОРФИ́ЗМ (ди... – ж-а гр. morphe – форма) – физиологиялык белгилери боюнча айырмаланган эки фор­манын болушу. Жаныбарларда көбүнчө жыныс­тык диморфизм учурайт. Бир түрдүн особдорунун эркеги м-н ургаачысы морфологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча айыр­маланат. Мисалы, кыргоолдун ургаачысы м-н эрке­гинин тышкы түспөлү, канаттарынын түсү боюнча өзгөчөлөнүшү. Диморфизмдин пайда болушу жыныстык тандалуу м-н тыгыз байланышта. Диморфизмдин 2 түрү: туруктуу диморфизм – (короз – мекиян, бугу – марал), мезгилдик диморфизм – (көбөйүү мезгилиндеги кескин айырмачылыктар белгилүү), мисалы, көбөйүү мез­гилинде балыктардын эркегинин ачык-кооз түс­кө ээ болушу. Өсүмдүктөрдө да мезгилдик, экологиялык диморфизм байкалат.