ДЕНИСОВ Василий Федорович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕНИ́СОВ Василий Фёдорович (1903, РФ, Орен­бург – 1969, Фрунзе) – генетик, айыл чарба илимдеринин доктору (1957), профессор (1958). 1926-жылы Оренбург айыл чарба техникумун, 1931-жылы Ташкенттеги Орто Азия зооветеринариялык институтту бүтүргөн. 1933-жылдан Кыргызстан мал чарба ж-а ветеринария илим-изилдөө институтунун улук илимий кызмат­кери, институттагы бодо мал бөлүмүнүн башчысы, 1955– 69-жылдарда КАЧИнин мал түрү боюнча зоотехния ка­федрасынын башчысы болуп иштеген. Мал гене­тикасы ж-а аргындаштыруу боюнча илимий эмгектери бар. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.