ДООЛДАЙ
ДООЛДАЙ – жука кийизден таар же калың кездеме тышталып тигилген сырт кийим. Доолдайды көбүнчө эркектер кийишкен. Элдик оозеки чыгармаларда Доолдай кыргыздын эң байыркы кийимдеринин бири катары сүрөттөлөт. Ал кементай сыяктуу этеги кең, көкүрөк жагы улам кууш тартып, жеңдери менен өңүрлөрү, учасы сулп-сулп бычылган. Жакасы жөнөкөй кыюуланып, эки өңүрү бир гана жеринен бүчүлөнгөн. Доолдай бара-бара кементай, ичик, чепкен, чапан менен алмашылып, XX кылымдын 1920–1930-жылдарынан тарта өтө сейрек учурайт.