ДИОД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИО́Д [ди... ж-а (электр)од] – бир тарапка гана ток өткөрүүчү эки электроддуу прибор. Анын электр-вакуумдуу (кенотрон), жарым өткөргүчтүү же газ разряддуу (иондуу) түрү бар. Вакуумдуу же иондуу диоддун электроддору: катод – элект­рондордун булагы, анод – электрондорду кабыл алгыч. Мында аноддун потенциалы катодго караганда оң болгондо гана электрондор катод­дон анодду карай өтүп, электр тогу пайда бо­лот, эгер терс болсо, электрондор андан түртүлүп, электр тизмеги боюнча ток жүрбөйт. Диод радиотех­никада, электроникада, энергетикада өзгөрмө токту түзөтүү, детекторлоо, жыштыкты өзгөртүү ж-а көбөйтүү, электр тизмектерин алмаштырып туташтырууда колдонулат.