ДУМАЛАР
ДУМАЛАР – украин оозеки музыкалык фольклорунун эпика-лирикалык жанры. Мазмуну боюнча тарыхый окуяларга арналат. Думалар XV–XVII кылымдарда казак орус демократиясынын өзгөчө шарттарында пайда болгон. Думалардын репертуарынын негизги бөлүгүн сокур ырчылар – кобзарлар (бандурачылар) түзгөн. Думаларда татар-түрктүн колуна түшкөн украин кул туткундардын көргөн азап-тозогу, поляк шляхтасынын эзүүсүнө каршы украин элинин боштондук согушу баяндалган. Кийин Улуу Октябрь революциясы, Граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө Думалар пайда болгон.