ДУНАЕВСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНАЕ́ВСКИЙ Исаак Осипович (18 (30). 1. 1900, Лохвица, азыркы Полтава облусу – 25. 7. 1955, Москва) – композитор, РСФСР эл артисти (1950), советтик оперетта менен музыкалык кинокомедияга негиз салгандардын бири. 1919-жылы Харьков консерва­ториясын бүтүргөн.

Эл ара­сына кеңири тараган «Ме­кен жөнүндө ыр», «Шайыр балдардын маршы», «Мек­теп вальсы», «Унутпа», «Ка­ховка жөнүндө ыр» жана башка чыгармаларды, 12 оперетта («Күйөөлөр», 1927; «Алтын өрөөн», 1937; «Чий кал­пак», 1938; «Таалай жолу», 1941; «Маскарапоздун уулу», 1950; «Ак ака­ция», 1955 жана башкалар), балет, эстрадалык оркестр үчүн пьесаларды, спектаклдерди жазган. Анын таланты айрыкча фильмдерге жазган музыка­сында көрүнгөн: «Үч жолдош» (1935), «Дарбаза­чы» (1936), «Капитан Гранттын балдары» (1936), «Цирк» (1936, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941), «Вол­га-Волга» (1938, СССР мамлекеттик сыйлыгы 1941), «Ку­бандык казактар» (1950, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951) жана башкалар. Композитор музыканы фильмдин дра­матургиясынын бирден-бир башкы компонен­тине айландырган.

Ад.: Михеева Л. И. О. Дунаевский. Л., 1963.