ДУРОВДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:17, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУРОВДОР – орус цирк артисттеринин, маска­рапоз-дрессировщиктердин үй-бүлөсү. А н а т о ­л и й Л е о н и д о в и ч Д у р о в [26. 11(8. 12). 1864, Москва –8(21).1.1916, Мариуполь] – акробат, эквилибрист, жонглёр. 1879-жылы балаганда ой­ноодон баштап, 1882-жылы айбанаттарды үйрөтүүгө өткөн. Саясий сатирага кайрылган туңгуч цирк артисти. В л а д и м и р Л е о н и д о в и ч Д у р о в [25. 6 (7. 7). 1863, Москва – 3. 8. 1934, ошол эле жер] – РСФСРдин эмгек сиңирген артисти (1927). А. Л. Дуровдун агасы. 1879-жылы үйрөтүлгөн айбанаттары менен сатиралык номурларды аткар­ган. Россияда 1-жолу айбанаттардын табигый сезимине жана рефлексине карата үйрөтүү жолун иштеп чыккан. 1912-жылы Москвада музей-бурч ачкан (азыр В. Л. Дуров атындагы бурч). А н а т о­ л и й А н а т о л ь е в и ч Д у р о в [26. 11 (8. 12). 1887, Воронеж – 19. 11. 1928, Ижевск] – А. Л. Дуров­дун уулу. Өнөрүн 1914-жылдан көрсөтө башта­ган. Империалисттик согушка каршы чыгарган тамашасы үчүн сүргүнгө айдалган.

Т. В. Дурова оюн көрсөтүүдө.

1917-жылы цирк­ке кайра келип, айбанаттардын көп түрүн үйрө­түп, оюн көрсөткөн. В л а д и м и р Г р и г о р ь е­в и ч Д у р о в [3(16). 4. 1909, Воронеж – 14. 3. 1972, Москва] – СССР эл артисти (1967). А. Л. Дуровдун небереси. Дуровдун жолун жолдоп, сатирачы-мас­карапоз катары айбанаттарды кызыктуу ой­нотууга жетишкен. Европанын көп өлкөлөрүн­дө өнөрүн тартуулаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ю р и й В л а д и м и р о в и ч Д у р о в [30.12. 1909 (12. 1. 1910), Петербург – 22. 2. 1971, Брюссель] – СССР эл артисти (1971). В. Л. Дуровдун небе­реси. Сатирачы-маскарапоз, ар түрдүү айбанат­тарды оюнду жаңылбай аткарууга үйрөткөн ус­тат. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Т е р е з а В а с и л ь е в н а Д у р о в а (5. 9. 1926-жылы туулган, Воронеж – 28. 7. 2012. Москва) – РСФСРдин эмгек сиңирген артисти (1969).

Маскарапоз-дрессировщик Ю. В. Дуров (оң жакта).

А. Л. Дуровдун небереси. 1947-жыл­дан ар түрдүү айбанаттар менен оюн көрсөткөн.

Ад.: Таланов А. В.. Братья Дуровы. М., 1971.