ДИРЕКТРИСА
ДИРЕКТРИ́СА (фр. directrice, лат. directrix– багыттоочу) – конустук кесилиштин (эллипс, гипербола, параболанын) тегиздигинде жаткан түз сызык. Ал төмөнкү касиеткен ээ: ийри сызыктын каалаган чекитинен ийри сызыктын фокусуна чейики r аралыктын, ошол эле чекиттен конустук кесилиштин тегиздигиндеги түз сызыкка чейинки d аралыгына болгон катышы турактуу ж-а эксцентриситетке е формула? барабар. Эллипс ж-а гипербола экиден директрисага, ал эми парабола бир директрисага ээ. Айлана үчүн директриса аныкталган эмес. "Директриса" түшүнүгүн Аполлоний Пергский (б.з.ч. 2-к.) киргизген. Ал эми азыркы "Директриса" термини франциялык математик Г. Лопиталга (1720-жыл) таандык.