ДИСПАНСЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСПАНСЕ́Р (лат. dispensāre – бөлүштүрөм) – оорулуулардын белгилүү тобун дарылоо ж-а ал­дын алуу боюнча жардам көрсөтүүчү, алардын са­ламаттыгына ырааттуу байкоо жүргүзүүчү адис­тештирилген медициналык мекеме. Туберкулёзго кар­шы, тери-венерологиялык, онкологиялык, психологиялык-неврологиялык, кар­диоревмотологиялык ж. б. диспансерлер бар. Алардын макса­ты – өзүнө тийиштүү ооруларды табуу, каттоо­го алуу, дарылоо ж-а байкоо, алардын эмгек, турмуш-тиричилик шарттарын дайыма байкоо ж-а жакшыртуу, ошондой эле ооруга каршы чаралар­ды иштеп чыгуу. Диспансердин адистелишине жараша өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Туберкулёзго кар­шы диспансер калкты дайыма массалык флю­рографиялык текшерүүлөрдөн өткөрүп, оорулуу адамдар­ды каттоого алат. Диспансерлөө ооруну жаңы баштал­ган кезинде таап, врачтык көзөмөл жүргүзүү; калктын ж-а оорулуулардын айрым тобуна ырааттуу байкоо жүргүзүү; атайын каттоо, дарт­тын кабылдашынын алдын алуу, өз убагында да­рылоо; адамдын ден соолугун, эмгекке жарам­дуулугун калыбына келтирүү. Диспансердик каттоодо тургандардын өндүрүш ж-а турмуш-тиричилик шартын текшерүү; дарттын көбөйүшүнө шарт түзгөн факторлорду жоюу иштерин камтыйт. Диспансердин амбулаториялык адистештирилген каби­неттери, диагноздук лабораториялары ж-а уюштуруу-методикалык атайын кабинеттери, көпчүлүк диспансердин стационары болот.