ДИСПРОЗИЙ
ДИСПРО́ЗИЙ (лат. Disprosium), Dy – элементтердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 66, атомдук массасы 162,50, массалык саны 147Dу – 167Dу? болгон 21 изотобу бар. Жаратылышта массалык саны 156–164 болгон изотобу кездешет. Жер кыртышында 4,5 . ?10–4%ти түзөт. Лекок де Буабодран 1886-жылы оксид түрүндө алган. Ал – күмүш түстүү ак металл; балкып эрүү t – 1407°С; кайноо t – 2600°С; бирикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. Диспрозий магниттик куймалардын, атайын жасалган айнектердин курамына кошулат. Металлдарды легирлөөдө, радиоэлектроникада, химия өнөр жайында катализатор катары, ошондой эле медицинада тери ооруларын дарылоодо да колдонулат.