ДИССОЦИАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИССОЦИА́ЦИЯ (лат. dussociatio – ажыроо) – молекулалар, радикалдар же иондордун молекулалык массалары кичине болгон бир нече бөлүкчө­лөргө ажырашы. Диссоциациянын 3 түрү бар: электро­литтик диссоциацияда электролиттер эриген­де алардын молекулалары иондорго ажырайт (КОН→К++ОН-); фотодиссоциация жарыктын таасиринен, термиялык диссоциация температураны жогору­латканда жүрөт. Диссоциацияны сан жагынан мүнөздөө үчүн диссоциация даражасы колдонулат. Аны диссоциацияга учура­ган (ажыраган) молекулалардын санын алар­дын жалпы санына болгон катышы аркылуу табат.