ДИФФЕРЕНЦИАЛ ТОПОЛОГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФФЕРЕНЦИА́Л ТОПОЛОГИЯСЫтополо­гиянын дифференциалдык көп түспөлдүктөр ж-а дифференциалдык чагылдыруулар теория­сынын топологиялык проблемаларын изилдөөчү бөлүмү. Дифференциал топологиясын системалуу изилдөөнү 19-кылымдын аягын­да франциялык математик А. Пуанкаре баштаган, бирок ал мезгилде бул программаны иш жүзүнө толук ашыруу мүмкүн эмес болгон. Дифференциал топологиясын негиздөө 20-кылымдын 30-жылдарында гана ири матема­тиктердин изилдөөлөрү м-н иш жүзүнө ашкан. 20-кылымдын 60-жылдарында дифференциал топологиясынын ыкмалары аркылуу топологиянын бир катар негизги ма­селелери чечилди. Чыныгы көп түспөлдүктөр­дү мүнөздөөчү класстардын топологиялык инвариант­тары аныкталды. Дифференциал топологиясынын өзгөчө багыттары – геодезиялык көп түспөлдүктөрдүн функционалдарынын экстремалдык теориясы ж-а катмарлар тео­риясы.

Ад.: Милнор Дж., Уоллес А., Дифференциальная топология. Начальный курс /Пер. с англ. М., 1972.