ДИЭТИЛЕНГЛИКОЛЬ
ДИЭТИЛЕНГЛИКО́ЛЬ , д и г л и к о л ь, β, β-д и о к с и д и э т и л э ф и р и, НОСН2СН2– О–СН2СН2ОН – даамы таттуу, жыты жок, түссүз, илээшкек суюктук; кайноо t 245,8°С. Суу, жөнөкөй эфирлер, спирттер, ацетон, анилин, хлорофрм м-н бардык көлөмдө аралашат; бензолдо, толуолдо начар эрийт. Диэтиленгликолдун химиялык касиети гликолго ж-а жөнөкөй эфирлерге окшош. Карбон кислоталары ж-а анын ангидриддери м-н татаал моно ж-а диэфирлерди, альдегиддер ж-а кетондор м-н (катализатору фосфор кислотасы) циклдүү ацеталдарды пайда кылат. Этиленгликолду оксиэтилдөө, этилен окисин гидраттоо ж. б. жолдор м-н алынат. Полиуретандарды, олигоэфир акрилаттарды ж. б. алууда, диэтиленгликол майларга, нитроцеллюлозаларга эриткич катары ж-а төмөнкү температурада тоңуучу суюктуктарды (антифриздерди) даярдоодо колдонулат.