ДОДОМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:14, 10 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОДО́МА – Танзаниянын борбор шаары. Додо­ма провинциясынын административдик борбору. Инди океа­нынын жээгинде. Калкы 200 миң (2003). 19-к­дын аягында негизделген. Биринчи дүйнөлүк согуш­тан кийин Улуу Британия ээлигинин курамы­на кирген. 1993-жылдан Додо­ма – Танзаниянын рас­мий борбору аталган. Президент ж-а өкмөт баш­чыларынын резиденциясы Додо­мага көчүрүлүп, көптөгөн мамлекеттик мекемелер, өнөр жай ишканалары, банктар ж. б. өлкөнүн мурдагы борбору – Дар­-эс-Саламда калтырылган. Додо­манын архитектура эстелик­тери дээрлик жокко эсе. Сикхтердин ыйык хра­мы, геологиялык музей бар.