ДОМЕНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМЕНДЕР – электрмагнит же серпилгич ка­сиеттери же бөлүкчөлөрдүн жайланыш тартиби м-н айырмалануучу химиялык жактан бир тектүү чөй­рөлөр. Алар бир нече түргө бөлүнөт. 1) Ф е р­ р о м а г н и т т ү ү домендер – ферромагнит крис­таллындагы (туурасынан кесилиш өлчөмү 10–5– –10–2 см) атомдук магнит моменттери жарыш багытталган, башкача айтканда домендерде өзүнөн өзү магниттешүү жүргөн бөлүгү. Ал Кюри температурасынан төмөн болгондо пайда болот. 2) С е г н е т-э л е к т р ­д ү ү домендер – сегнет-электриктерде өзүнөн өзү по­лярлануучу бөлүгү (10–5–10–3 см). Сырткы электр талаасы жок учурда сегнет-электриктердин полярланышы анын негизги өзгөчөлүгү. 3) Г а н н ­д ы к домендер – күчтүү электр талаасынын бөлүгү. Ал белгилүү шартта гана терс дифференция­лык каршылыктуу жарым өткөргүчтө пайда болот.