ДОМИНАНТТУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМИНАНТТУУЛУК – гетерозиготалуу особ­дун белгилерин аныктоодо гендин бир аллели экинчи аллелдин катышуусун чыгарбай басым­дуулук кылуусу. «Доминанттуулук» терминин Г. Мендель кир­гизген. Ал түрдүү белгиси бар буурчактарды ар­гындаштыруудан доминанттуулукту аныктаган. Мисалы, сары ж-а жашыл уруктуу буурчактарды аргындаш­тырганда 1-муундун (F) уруктары сары болуп ка­лат да, жашыл уруктарга үстөмдүк кылат, башкача айтканда жашыл урук көмүскөдө калат. Үстөмдүк кыл­ганы доминаттык (А), көмүскөдө калганы рецес­сиялык (а) аллель деп аталат, к. Мендель за­кондору.