ДҮЙШӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШӨ Жанай уулу (1887, Нарын облусу, Ат- Башы району, Кара-Суу айылы – 1983, ошол эле жер) – манасчы. Кыпчак уруусунан, элдик оозе­ки чыгармалардын үлгүлөрүн арбын билген. Жа­мактатып ыр айтып, айылдагы келин-кесектерге кошок үйрөтүп, эл арасында айтылган дарым, бата, ырым-жырым ырларын үйрөнүп айтып жүргөн. «Манас» эпосуна кызыгып, берилип угуп, өзү да айта баштаган. «Манас» айтып ка­луусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштыр­ган. Дүйшө «Манастын төрөлүшү», «Бала чагы», «Алтайдан көчүшү» сыяктуу эпизоддорду айт­кан. «Көкөтөйдүн ашын» кара сөз м-н кыскача жалпы окуянын мазмунун берген. Окуянын ку­рулушу, айрым кырдаалдык көрүнүштөр, мотив­дик байланыштары боюнча Дүйшөнүн варианты не­гизинен С. Орозбаковдун вариантына жакын. Дүйшө «Манастын төрөлүшүнөн» баштап, Айкожо­дон аманатын алган жерине чейин айткан. «Жети кандын кеңеши» эпизодунда кандардын Манаска элчи жиберип, анан кыргыз колунун Бээжинге аттанып жөнөгөн жерине чейин баян­далат. «Айчүрөктүн түшүндө» Айчүрөк Семе­тейдин чоролору Күлчоро м-н Канчоронун кели­ши тууралуу көргөн түшүн жорутканына чейин айтылат. Дүйшөдөн мындан тышкары элдик оозе­ки чыгармалардын башка үлгүлөрү да жазып алынган.