ГРЕЙПФРУТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕЙПФРУ́Т (Citrus paradise) – цитрустар уруусундагы дайыма жашыл дарак. Айдалма түрү

гана белгилүү. Субтропикте өсүүчү жарыкчыл ж-а нымчыл өсүмдүк. Ири мөмөсүнүн салм. 1 кгга жетет. Бир нече жүздөгөн жыл мурда Вест-Индияда помпельмус м-н апельсиндин табигый гибриди түрүндө пайда болушу мүмкүн. Мөмө дарагы катары негизинен АКШда, Японияда, Индияда, КМШ өлкөлөрүнөн Кавказдын Кара деӊиз жээгинде өстүрүлөт.