ДОҢУЗ-СЫРТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:04, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОҢУЗ-СЫРТЫ (Kobresia) – өсүмдүктөрдүн өлөңдөр тукумундагы уруусу. Көп жылдык нык чымдуу чөп. 40тай түрү Түндүк жарым шардын мелүүн ж-а анча-мынчасы субтропика, тропика зоналарынын бийик тоо кыркаларында өсөт. Тамыр жалбырактары жалпак же ичке кыл сымал болот. Топ гүлү машак же шыпыргы сымал, 2–7 майда гүлдөрдөн турат, машакта­ры эки жыныстуу, үстүнкү гүлдөрү көбүнчө эр­кек гүлдөр. Негизинен уругу, бир гана түрү та­мыр-сабагы м-н көбөйөт. Айрым түрү айрыкча Теңир-Тоонун, Памир-Алайдын бийик тоолуу жайыттарында кездешет. Кыргызстанда 4 түрү өсөт, баалуу тоют.