ДИСПЕРСИЯ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСПЕ́РСИЯ ЗАКОНУ квази бөлүкчөлөрдүн ди­намикасы, квази бөлүкчөнүн энергиясынын (ε) квази импульска ( р ) көз карандылыгын туюнтат. Жалпы учурда ε() көп маанилүү комп­лекстүү функция. Көп маанилүүлүк энергия спектринин зоналык мүнөзү менен байланышкан. Функциянын анык бөлүгү квази бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын v=∂Reε/dp ж-а терс натыйжалуу масса тензорун =∂2Reε/dp d , жалган (мнимый) бөлүгү квази бөлүкчөлөрдүн жутулуусун аныктайт. Дисперсия закону квази бөлүкчөнүн энергиясы­нын анык бөлүгүнүн белгилүү багыттагы квази импульска көз карандылыгын сүрөттөйт. Тол­кун процесстери теориясында Дисперсия закону жыштык (ω) ж-а толкун векторунун (k) ортосундагы катыш­ты көрсөтөт.